Соцтармакта жарандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин дарегине айтылган сыны чагылдырылган видео тарады. Жөн сын болсо эч нерсе эмес, мында жаран адепсиз сөздөрдү колдонуп, башчылардын эмес, өзүнүн деңгээлин аныктаган. Ал видеону көрүү гана керек, ансыз айтылган сөздөрдү жазуу кыйын.
Жаран учурда Бишкектеги Свердлов районунан Жогорку Кеңешке талапкер болуп жаткан Шайлообек Атазовдун ат кошчусу экени айтылууда. Талапкердин ар кайсы жолугушуулардагы видео - фотолорунан видеодогу кишинин жандап жүргөнүн көрүүгө болот.
Сын айтуу туура. Сын менен жетекчиликтин кемчиликтерин түздөп, сырттан караган адамга көрүнө турган жаңылыштыктардан оолактатууга болот. Бирок кыргыз коомчулугунда акыркы убакта сын деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп-сагууну айтып калдык. Деңгээлди көтөрмөйүнчө ички өнүгүүгө жетүү кыйын. Баарынан дагы ушундай сөздөрдү өлкө башчыларынын дарегине карата айткан адамдын видеосуна лайк басып, анан калса "азамат!", "эркек экенсиң!" деген кубаттаган сөздөрдү жазып жаткандар да бардыгы кейитет.
Негизи эле кыргызда башчыны, ханды сыйлоо деген унутта калды. Теңтушундай маскаралап, оозуна келгенди "оттоп" койсо, ал - кыйын деген түшүнүк орноп калды. Муну биз сөз эркиндиги деп кабылдайбыз. Бул видео ошол сөз эркиндиги "передозировка" боло баштаганын көрсөттү.