- Молдомуса Ташболотовичти мен миң жылда бир жаралган улуу инсан катары кабыл алам. Анын катардагы кызматкерден баштап генералдык даражага жеткенге чейинки басып өткөн жолу бардыгыбызга үлгү боло алат. Бир дагы жолу Молдомуса акенин “өзүм” дегенин уккан жокмун, ал өмүрүнүн аягына чейин эл үчүн жашады. Элге эмгеги сиңди. Кайсы жерде иштебесин, ал жерди гүлдөгөн “шаарга” айлантты. Тагдыр экен, тилекке каршы, башынан оор күндөр дагы өттү. Өкүнүчтүүсү, ушундай таланттуу, мекенчил, патриот инсанды баалап, эл үчүн ишин улантууга жол беришкен жок! Бирок, инсан катары, эч кимге жаман сөз айткан жок, баарын Кудайга койгон жайы бар. Элин сатпаган, досторун сатпаган мыкты АДАМ болчу! Молдомуса акебиз эми минтип чын дүйнөгө, жеңемдин жанына кетти! Кошуңуз, Молдомуса Ташболотович, кош, менин жан агам! Жүрөктө түбөлүк жашайсыз!
Булак: «Майдан. kg» гезити