нын сыңарындай, учурда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Исхак Масалиев түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуу үчүн №47 колонияга баргандыгы жана экөөсү узак убакыт сүйлөшкөндүгү ачыкка чыгып кетти. Бирок алардын бул жолугушуусу алгач жашыруун эле болуп, кайсы бир булактар коомчулукка жайын жибергендиктен, И. Масалиев чындыкты моюнга алууга мажбур болуп, төмөндөгүдөй пикирин жазды:
"Өткөн жумада Алмаз Атамбаевден 47 колонияга барып, кабар алып койдум. Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар? Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергенмин. Аскар Акаевдин кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес. Убакыт келгенде өзү да Президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет", - деп жазды Масалиев Фейсбуктагы баракчасына.
Ал Атамбаевге барганын эч кимге айтпаганын, бирок маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин аны тактап коюну чечкенин белгиледи. Масалиевдин айтымында, ал Атамбаевден кечирим сураган эмес.
“Өзүмдү күнөөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигини алганда мен толук алып коелу деген болчумун. Бирок менин кесиптештерим Сооронбай Жээнбеков бар деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт: президент кызматын тапшыргандан кийин эч кандай кол тийбестик болбосун, жонокой жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштуу эмес, баардык президенттерге таанымал”, - деди депутат.
Масалиев мурдатан эле камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөнүн белгиледи.
“Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Эльмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010 жылында өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөмүн. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул. Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарыначтырды унутуш керек, турмуш алдына кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман?”.
Демек, И. Масалиев башына кыйынчылык түшкөн үзөнгүлөштөрүн эч качан таштап койбой, кабар алып турат экен.
Булак: «Майдан. kg» гезити