«Бүтүн Кыргызстан» менен мандатка жетип, бирок партиялаштарына жасалган чабуулдарга ачык колдоо кыла албай, эки көзүн тостойтуп, жан айласын билбей калгандай.
Мадумаровго жана башка партиялаштарына болушуп чыкса, анда эле бизнесиндеги эсептик акчалар текшерилип, бир жеринен жарга асылып калышы мүмкүн. Ал эми унчукпай отурганы моралдык жактан ыңгайсыздык жаратып, өгөйлөнүп калгандай туюлууда. Эмне кылуу керек?
Араң жеткен депутаттык креслону таштап кете албай, же фракциянын саясатын жигердүү колдоого жарабай, эки ортодо талтайып калганы ырас. Психологиялык жактан чыңалып, кыйнала берет го. Оңго бассан атың, солго жүрсөң өзүн өлөсүн» дегендей икая…
Булак: Азия News гезити