Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Азыркы тапта эң башкы максат жаш балдар үчүн кыргыздын менталитетине, үрп-адатына, салтына, психологиясына туура келген мульфильмдерди тартуу болуп турат. Мусаевдин айтымында, акча жетиштүү бөлүндү, бирок бул ишти жасай тургандар жокко эсе болууда.

«Биз 2021-жылы мультфильмдерди тарта турган ЭЛТР, КТРК, «Кыргызфильм» студияларына тарбиялуу анимациялык фильмдерди тартсын деген тапшырма бердик. Акчаны мамлекет берди, бирок тапшырманы аткарбай жатышат», — деди Мусаев.

Төрага буларды айтуу менен катар Кыргызстанды улуттук мамлекет катары сактап калуу бир гана тил аркылуу болорун кошумчалады.

Булак: Маралфм