Айыл чарба министри Акылбек Жаныбеков бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдануусу боюнча доклад жасады. Бирок анын доклады депутат Жеңишбек Токторбаевге жаккан жок. "Бул жомок", - деди депутат.
Эл өкүлүнүн пикиринде, Айыл чарба министрлигинин иши абдан начар.
"18-кылымда Андерсен деген жазуучу болгон, укмуштуудай жомокторду жазган. "Гадкий утенок", "Дюмовочка", "Русалочка" деген бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүргөн жомоктор ошол жазуучунуку. Министрдин доклады ошол жомокторду басып өттү. 30 жылдан бери жомок угуп келатабыз. Айыл чарба министрлигине таандык бир баш кой, бир тоок жок, бир сотых жерге эгин эгилбейт. Бул министрликтин эмне кереги бар? 11 миңден ашуун штаты бар, бюджети 54 миллион сом", - деди депутат.
Ал антсе, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тамашалуу жооп айтып депутаттарды күлкүгө салды.
"Андерсендин жомогундай болуп "гадкий утеноктон" "белая лебедке" айланып кетсин деген тилек менен министрликке быйыл болгон каражатыбызды берип жатабыз", - деди Жапаров.
Аны менен катар Айыл чарба министрлигин талаага таштап салууга болбой турганын айтты. Операция учурунда жүрөгү сокпой калган бейтапка абдан чоң вольт менен ток бергенде жүрөгү иштеп кетээрин белгилеген төрага аталган министрликке дагы көбүрөөк колдоо болсо, ишин тыкан алып кетээрине ишенээрин билдирди.