“Кактус медиа”, “Клооп” басылмаларынын алдында кайрадан эл чогулуп, эки порталды жаап салуу менен бирге чет өлкөдөн каржыланган “Азаттыкка” окшогон басылмаларга, радио, телелерге да “чет элдик агент” макамын берүүнү талап кылышты. Жаап эле койбостон, Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты жарыялаганы үчүн “Кактус медианы” жоопко тартуу керектигин баса белгилешти.
Элдин талабы туура!
Алар буга чейин да, 28-январда да пикетке чыгып, ушул талабын коюшкан. “27-январда Kaktus.media порталы башка басылмадан алынган (перепечатка) маалымат тууралуу оюн жеткире албагандыгы тууралуу кечирим сураганы суу кечпейт! Алар атайын эле кылган. Муну биз мамлекетке чыккынчылык деп эсептейбиз! Бул эки порталдын ээси жана журналисттери Кыргызстанга, кыргызга күйбөйт, биз муну мурдатан эле байкап жүргөнбүз. Буларда кыргыз жыттанбайт, кыргызга каршы иш жүргүзүп жаткандары билинип эле турат”, “Эки сайт чет элдик агент. Ошондуктан “сырттан каржыланат деп таанылсын!” деп талап коюшуп, “Биз буларды кечирбейбиз, жабылсын! Биз булар жабылмайынча кетпейбиз!”,- деп катуу принципке турушкан.
Бул маселе боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектеги Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, тагыраагы, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатта көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Ушундай берене менен иш козголгонун туура деп ойлойм. Себеби, чындап эле булар орусча айтканда, “умышленно” эле кылышкан. Элдин айтып, аларга коюп жаткан дооматы туптуура.
Бул окуянын айланасындагы соңку жагдайлар боюнча баягы эле гейлерди жана чет жерден келген дырдай жылаңач аялды колдоп жүрүшкөн укук коргоочулар: Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Динара Ошурахуновалар: “Бул эркин медиага басым жасоо. Демократияны муунтуу”- дешип, ого бетер элдин кыжырына тийишүүдө. Демократияны өздөрү түшүнбөйт окшойт. Демократия деген - эл бийлигине негизделген саясий түзүлүштүн формасы. Демократияда эл бийликтин негизги булагы, аныктоочусу катары таанылат. Жалпак тил менен айтканда, демократия - эл бийлиги, элдин үнү! Демократия деп көчөгө жылаңач чуркап чыгуу эмес! Же “Мен төрөбөйм, мен чай куйбайм!” деп тээ алмуздактан бери ата-бабадан келаткан кыргыздын салтына каршы чыгып, ич кийимин илип алуу эмес! Жаш жигиттер чачын боеп, байлап алып, оозу-мурдуна, кулагына сөйкө тагып алуу эмес! Гей же лесбиянкага айлануу эмес! Тилекке каршы, “Клооптогу” журналист сөрөйлөр принципти кармап, ушундай көрүнүштө. Чындык деген ачуу болот. Чындыкка чычалабашсын! Аларды чындап эле чет элдик каржылар бузуп, киргиздерди жолдон адаштырып жатканы факт! Акчанын кулу болуп калгандар сөзсүз эл, жерин, мамлекетти сатат! Мына, кыргыз-тажик чек арасында өздөрүнүн ким экендигин көрсөтүп коюшту. Бул да факт. Факт болгондон кийин алар сөзсүз жоопко тартылуусу керек! Эл туптуура маселе коюп жатат, колдойм!
Он жыл мурунку мыйзам жана президенттин мыйзамы…
Акцияга чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ажы Турсунбай Бакир уулу бар. Ал 2012-жылы “Чет элдик тыңчылар жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштагандардын бири. V чакырылышта депутат болуп турганда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Надира Нарматова биргеликте бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, экинчи окуудан өткөргөндөн кийин мөөнөтү бүтүп кетип калышкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова азыр да “Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар тынчтык бербей жатат, аларга «чет элдик агент» деген макам бериш керек. Себеби, сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдар бийлик бутактарына дагы тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат”- деген пикирде. Ошондой эле “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамга сөзсүз чекит коюлушу керек деп эсептейт. Ал эми экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да мыйзам жүз пайыз кабыл алынат деп ишенет.
- Себеби, “Чет элдик агент” мыйзамы Россияда дагы, АКШда дагы бар. Биз дагы кабыл алышыбыз керек. Болбосо, булар мамлекеттик бийлик бутактарына чейин таасир этип, өз адамдарын коюуга ашыгып, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип жатат. Ошон үчүн биз жазган “Чет элдик тыңчылар жөнүндө” мыйзам долбоорун колдошубуз керек. Анткени, ал мыйзамда бейөкмөт уюмдарга кайдан акча түшүп жатат. Ал каражат эмне максатта пайдаланылып жатканы боюнча мамлекетке отчёт беришет. Бул биринчиси. Экинчиси, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар Кыргызстанга жана өзүнүн уставына каршы чыкса, анда Юстиция министрлиги иликтөө жүргүзүп туруп, чет өлкөлүк тыңчы деген статус бериши керек. “Кактус медиа” жараткан жагдай бизге бейөкмөт уюмдарын ооздуктай турган маанилүү мыйзам бар экенин айтып чыгууга шарт түздү. Анткени, “Кактус медиа” кыргыз-тажик чек арадагы жаңжалда диверсиялык материалдарды жарыялап, муну менен элди дүрбөтүп алышты. “Кыргызстандын кызыкчылыгына шек келтирген” басылмаларга кылмыш ишин козгоо керек!”,- дейт экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.
2020-жылы Октябрь окуяларында бийлик алмашкандан кийин, мурдагы бийликтердин тушунда кабыл алынбай калган бейөкмөт уюмдар тууралуу, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» талаштуу мыйзам кабыл алынып, президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда да жогоруда аты аталган укук коргоочулар “бийликти сындагандарды кысымга алуу амалы” деп кабыл алып, коомчулукту жолдон адаштырууга аракет кылышкан.
Мына дагы, “Кактус медиа” менен “Клооптун” кеңсесинин алдында өткөн акцияга барган укук коргоочу Динара Ошурахунова “Булардын артында бирөө турат”- деп чыкты. Айтор, укук коргоочу сөөрөйлөр бет тырмалык кылышууда.
Курманкул Зулушев: “Журналистпи, же мамлекеттик кызматкерби, мыйзам бузса, жооп бериши керек!”
Бул маселе боюнча басма сөз жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы пикирин билдирди. Ал маалымат боюнча экспертиза дайындалганын, эгер коюлган айып далилденсе, тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилип, жоопко тартыларын билдирди. “Кыргыз мамлекети биринчи ок атты” деген маалымат чыккан. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Журналист, жөнөкөй жаран, мамлекеттик кызматкер болобу мыйзам бузса, бирдей жооп бериши керек! Бул маселеге Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Экспертиза чыгаруу үчүн токтом даярдалган. Жообу чыга элек!”,- деп калыс пикирин айтты.
Чок баскандай чочуткан мыйзамда эмне жазылган?
Эске сала кетсек, “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2014-жылдын май айында келип түшкөн. Анда бейөкмөт уюмдар каржылоо булактарын көрсөтүүсү жазылган. Тагыраак айтканда, алар ар бир материалындагы билдирүүнү чет элдик агент тараткандыгы жөнүндө тиешелүү пунктту көрсөтүүгө тийиштиги жазылган. Бул мыйзамды окуган бейөкмөт уюмдары, укук коргоо коомчулугу чок баскандай чочуп, “бейөкмөт уюмдарга жана маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнү токтоткула!”- деп коңгуроо кагып чыгышкан. Ошондон улам, бул мыйзам четке кагылган. Эми ушул маселе эки жыл мурун козголуп, президент кол койгон. Ошол мыйзам иштеп, Кыргызстанга чыккынчылык кылгандар, агенттер жоопко тартылышы керек! М
Булак: «Майдан. kg» гезити