Печать
Категория: Коом
Просмотров: 563

"Кумтөр" мурдагы президенттер тарабынан мамлекетке алынганда, ал президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эмес эле. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 15-февралда маалымат жыйынында билдирди. 

"Садыр Жапаров мени мамлекеттик комиссиянын төрагасы кылып чакырганда мен ага мени ушуну менен үчүнчү ирет президенттер бул иш боюнча суранышканын айттым. Аягына чыгара алаарымды, механизмдерин, тарыхын жакшы билээримди, иштетип кете турган жигиттер да бардыгын айттым. Бирок буга бир гана нерсе - саясий эрк керек эле. "Алтынды көрсө периште да жолдон чыгат болуп", буга чейинки президенттер жолдон чыгышкан да. Азыркы бийлик саясий эркин көрсөттү. Алтын кенди калкалагандардын баарын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоюп салды. Ошондон улам 31 миллиард доллар түшүп жатат", - деди Акылбек Жапаров. 

Министрлер Кабинетинин төрагасынын айтымында, мурдагы президент Аскар Акаев "Кумтөрдөгү" коррупциялык учурларды тастыктап бергенден кийин гана канадалык компания сүйлөшүүгө ийкемдүү болуп калган.