Печать
Категория: Коом
Просмотров: 224

Куудул Гулжайна Атаканованын үстүнөн  “Сейф бизнестин” жетекчиси  Бакыт Алиев арыз жазып милицияга кайрылган. Бул тууралуу куудул айым өзү инстаграмм баракчасына жазып чыкты.

“Бүгүн менде дагы бир жаңылык болду. Арызды колума алып окуганча ишенген жокмун. Көргөндө көргөн көзүмө ишенбедим, кайра – кайра окудум.  Эгер такыр чечилбей турган маселе болсо да мынчалык шок болбойт элем. Күтпөгөм эч качан. “Сооптун түбү тешик”- деген ушул беле?! Канча адамдар арыз жазабыз десе “койгула андай кылбагыла баары изине түшүп кетет көрөсүңөр го мурдагыдай иштейт али”- деп таламын талашып жүргөнүмө жол болсун. Арыз жазганга кантип колу барды? Кантип ручканы кармап жазды?  Жазып жатканда көз алдына ушунча чогуу жүрүп, чогуу иштеп ысык суукта чогуу болгондор кантип келбеди? Бакыт Алиев ушундай адам белеңер? Менин жакшылыгымды унутуп койгон болсоңор Кудай таразаласын!!”-деп жазган.

Булак: argument.kg