Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

 Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Фондго мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом каралат. Аталган фондду туризм тармагындагы ишкер Елена Калашникова жетектей турганын белгиледи.

— Жайында кызы менен Хан-Теңири чокусуна барганбыз. Ошондо Елена Калашникова дүйнөнүн ар кайсы жагынан 2500 альпинистти алып келгенин көргөм. Туризмди өнүктүрүүгө эмнелер тоскоол болуп жатканын сурап, бизге жардам берүүсүн өтүндүм. Ал сунушума макул болду, — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен атаандаша турган туризмден башка тармагы жок экенин белгилеп, бул багытка басым жасалып жатканын айтты.

Булак: Маралфм