Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө "Бишкекжарык" МИнин жооптуу кызмат адамдары тарабынан КРнын бюджеттик мыйзамдары жана талаптары бузулуп, ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, жетишсиздик 27 млн 189 миң 678 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, шаардык прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Булак: vb.kg