Печать
Категория: Коом
Просмотров: 203

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Молдомуса Конгантиев тууралуу эскерүү жазды. 

Аттаганат десе.... "Кыргыздан жакшы сөз угуш үчүн, сөзсүз өлүп бериш керек"- деген сөз акыйкат. Өз мезгилинде кадырына жете албадык.Билимин, тажрыйбасын, мекенчилдигин, эр жүрөк кыргыздын мыктысын, чыныгы кыргыздын мырзасын, кесипкөй элдик генералдын кадырына жетпедик. Баралына келип турганда пайдаланбай, он жылдап жектеп келдик. Чыныгы генералдын ордуна жасалма генералдарды пайдаланып, мактап турдук. Атаганат,  пейилдин бузулганы өкүндүрөт. Учурунда калыс сөздү айтканга жарабадык. Эми мына жок. Келбес, кайтпас жака арманы ичинде кетти.

Көзү көрбөй,  кулагы укпай, сезими туйбай, жүрөгү сокпой калганда, кыйраткансып, "жакшы эле, мыкты эле, чыныгы генерал ж.б."- деген сөздөрдү жабалактап айта баштадык.

Уялгыла, андан көрө тообо кылып пейилди оңдойлу. Жакшылардын кадырын көзү тирүүсүндө барктап, сөздү этияттап айтсак.

Болоор - болбос нерсе үчүн, билип - билбей аарынын уюгундай жабалактап асылып, бөкөчө кылып, жыйынтык чыгарганды койсок. Өткөн өмүр, чыккан жан, калган көңүл кайра келбесин унутпасак. Түбөлүк эч ким жашабайт. Кайтаар дүнүйө бардыгы акыйкат. Аттиң... Укпайт, көрбөйт, сезбейт, бүттү.

Кудай бар, бардык кара өзгөйлөргө, ичи тар, көрө албастарга. Бейкүнөө токмоктогондорго, жалаа жапкандарга, кадырын тебелегендерге жараткан өз баасын берер...  Кудайдын таразасынан, Кудайдын баасынан эч ким качып кутулган эмес. Айла жок. Бейишин берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.