Печать
Категория: Коом
Просмотров: 230

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сындады. Айтымында, "Кумтөр" боюнча маалымат алып, элге жеткирейин деп, бирок Жапаровдун кабыл алуусунда боло алган эмес. 

"Биздин мамлекетибиздин тарыхында, мурдагы президенттер убагында "Кумтөрдөн" жыл сайын миллиондогон каражат пара алып турушканы белгилүү. Уучубуз куру эмес экен, Кудайга шүгүр, бийлик башына сабырдуу, ыймандуу жигиттер келди. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев аракеттенишип, "Кумтөрдү" элге, мамлекетке кайтарышты. Алтын кен мамлекетке өткөндөн кийин кандай иштетилип жатканын билүү максатында Акылбек Жапаровго бир нече жолу кайрылдым. Кабыл алып коюусун өтүндүм. Канча алтын өндүрүлдү, канча алтын сатылды, мамлекетке канча акча түштү, Улуттук банкка канса алтын коюлду деген суроолорго жооп алгым келген. Тилекке каршы, жооп болбоду. Мындан улам менде шектенүү пайда болду - эмнеге жооп бербейт, демек, маселе бар деп ойлодум. Элден, депутаттардан бекиткен жашыруун маалыматтар бар го. Ансыз да коомчулукта акылдуу Акылбек Жапаров боюнча далай сөздөр айтылып жүрөт. Акылдуу Акылбек Жапаровду иштетсеңер чөнтөгүн тигип коюп иштеткиле дешет. Акылдуу Акылбек Жапаров төрөлгөндө еврейлер ыйлаптыр деген да сөз бар", - деди Жеңишбек Токторалиев.