Печать
Категория: Коом
Просмотров: 199

Эгер эсиңиздерде болсо, СССР кулап, эл жакырчылык менен жокчулуктун сазына баткан кыйын мезгилде аз гана акча кошсоң, көп өтпөй чоң сумманы кайтарып аларыңды убада кылып, бирок кийин дайынын таптырбай кеткен шылуундар жайнап кеткен болчу. Эмнегедир акыркы 1-2 жылда ошондой алдым-жуттумдар азыр да баш көтөрүп, ал тургай ишмердүүлүгүн жүргүзүү тууралуу тиешелүү мамлекетттик мекемелерден уруксат документтерин да алышып, үй, машина, тиричилик буюмдарын убада кылышууда. Бирок мындай каржы пирамидасынан убада кылынган турак-жай, машинаны жүз адамдын бири гана албаса, 99у алданып калууда.

Жакында бир эле өтө жакыр деп деп эсептелген Балыкчы шаарынын жашоочулары 75 млн. сом, ал эми жалпы кыргызстандыктар 3 млн. доллар акчасын шылуундарга алдаткандыгы тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Көрсө, каржы пирамидасынын башында тургандар чет элдиктер экен.

Ал эми “Голден Кэш” ювелирдик компания” ЖЧКсы тарабынан уюштурулган каржы пирамидага байланыштуу камакка алынгандардын бири Айзирек Жусупова болуп чыкты. Ал Жогорку соттун судьясынын төрага орун басарынын м.а. Айнаш Токбаеванын кызы экен. Бул тууралуу каржы пирамидадан жабыркагандар өздөрү ММКларга билдиришти.

Бирок Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова анын кардарына карата тагылган айыптарды четке кагып, каржы пирамиданын лидерлеринин бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган эжеси Гүлмира Зулушева экендигин айтууда.

2021-жылдын 13-декабрында Башкы прокуратура “Каржы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда украиналык жаран негиздеген “Голден Кэш” ювелирдик компания” жана “К.Дж.К.” ишканалары 5 миңден ашуун жаранды алдап, аларга 3 млн долларлык зыян келтиргени айтылган.

“Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260%га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан”,- деп билдирди көзөмөл органы.

Ал эми каржы пирамиданы уюштурган Украинанын жарандары Василий Жила, Евгений Трофимчук, Максим Сидоренко, “В.К.”, “О.С.”, жана кыргызстандык “А.Ч.” өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Башкы прокуратура шектүүлөргө издөө жарыялап, алар сырттан камакка алынышан.

Кыскасы, элдин канын соргон мындай каржы пирамидасынын уюштуруучуларынын катарында Башкы прокурор менен Жогорку сот төрайымынын туугандарынын аты аталганы жакшы көрүнүш эмес. Эми алар эл үчүн болбосо да, эжеси жана кызы үчүн бул алдамчылыкты токтотушар...

Булак: “Майдан. kg” гезити