Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөбүздүн бул тармагын реформа кылып, оңдоого шымалана кириштиби же душмандары айткандай, өзүмбилемдик, көралбастык менен айрым медициналык мекемелерди жана белгилүү медициналык кызматкерлерди жоготууну көздөп жатабы, айтор акыркы мезгилде ар бир кадамы ызы-чуу менен коштолууда. Өткөндө Бишкектин чок ортосундагы Дартты аныктоо борборун да жоюп, анын ордуна балдарга тез жардам көрсөтүү ооруканасын ачканда ал жерде иштеген кызматкерлер бир топ ызылдап барып токтошкон.
Ал эми бул ирет эл арасында “чудо доктор” деген атка конгон айтылуу травматолог Сабырбек Жумабеков жетектеген Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий борборун да реорганизация кылып, С.Жумабековдун өзүн жумуштан алгандыгы күтүлүп-күтүлбөгөн сенсация болду.
Эгер министрдин аргументине кулак салсак, аталган борбордо эч кандай илим изилдөө иштери жүрбөйт жана С.Жумабеков көп жылдардан бери мамлекеттин жана бюджеттин эсебинен каржыланган мекемени “менчиктештирип”, “түшпөс хан” болуп алган. Ал эми ар бир операциясы 3-5 миң долларга жасалат. “Мен С.Жумабеков менен жекеме-жеке жолукканда “Сен элдин канын соруп атасың, ар бир операцияң 3-5 миң долларга жасалат, уялсаң боло...”.- деп айттым. Мурдагы министрлер ага мындай деп айта алышкан эмес, себеби коркушкан. Бир чети иниси спикер катары, коргоп турган. Мындай бир адам үчүн эле түзүлгөн медициналык-илимий борбор деген аталышты алып алгандар толтура. Алар түштүктө да бар. Жакында ар бир аймакка ушундай мамлекеттик, 3-5 миң долларга эмес, 50 миң сомго операция жасаган ооруканалар курулат. Жумабеков кайда кетсе, ошол жакка кете берсин, өзү жетектеген борборго жалаң туугандарын орноштуруп алган...”,- деп, бир топ былыктарды ачыкка чыгарды.
Ал эми С.Жумабеков бүгүнкү күнгө чейин креслосун бошотпой, өзү жетектеген борборго жаңы дайындалган жетекчини киргизбей, тарапташ кызматкерлерин “живой” коргон кылып курчатып, министрдин орун басарларын да киргизбей, президент С.Жапаровдун өзүнө кайрылып, “Эгер президент кет десе, чет өлкөгө кетем, мени менен 800 кызматкер кошо кетет...”,- деп, туурасынан түшүп, “ультиматум” коюуда. Баса, 7-февралда министр А.Бейшеналиевдин Чок-Тал айылындагы баласына караштуу “Париж” деп аталган пансионаты күйүп кетти. Келтирилген чыгымды А.Бейшеналиев өзү 100 миң доллар деп баалады.
Бул арада маселени иликтөө үчүн Министрлер Кабинети тарабынан атайын комиссия түзүлдү. Эми алардын тыянагы жана президенттин чечими кандай болор экен?
Булак: “Майдан. kg” гезити