Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешине, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көкарт айылдык кеңешине, Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештерине, Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо ушул жылдын 10-апрелине, жекшембиге белгиленди.
Мындан тышкары, шаар мэрлерине жана мамлекеттик администрация башчыларына шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Булак: Маралфм