Печать
Категория: Коом
Просмотров: 155

- Таланттуу, белгилүү обончу, аткаруучу Маматибраим Бостонкуловдун кызысыз. Чыгармачылык жолго түшүүңүзгө атаңыздын таасири канчалык болду?

- Кандай чөйрөдө өссөң таасири сөзсүз түрдө болот. Чыгармачыл адамдын кызы болгонум ушул жолду тандап алышына өбөлгө болду деп ойлойм. Атам мага жол көрсөтпөсө, музыкага болгон кызыгуумду ойготпосо, кайдан. 5-6 жашымда атам аккордеон ойноп, мени ырдата берчү. Ал убакта менде ырчы болом деген ой жок, атамдын айтуусун менен гана ырдап койчумун. Качан гана ырдоого чындап кызыга баштаганымда,  атам менин чыгармачылыкка аралашуума каршы болгон. “Ырчылардын түйшүгү оор болот”, - деп андан калкалаганга, башка кесиптин нугуна салганга аракет кылды. Жыйынтыгында, эки жогорку билимдүү болдум, экөө тең музыкага тиешеси жок, башка тармак.

- Ошондо, кайсы адистиктер боюнча окудуңуз?

- Биринчи Ош Технологиялык университетинен эколог адистигин алдым. Андан кийин Бишкектеги КР Президентине караштуу Мамллекеттик башкаруу академиясында окудум. Бирок эки кесибим менен тең иштебедим. Көңүлүң башка нерсени каалап турса, миң кыйнап кесип бергениң менен баары бир андан майнап чыкпайт окшойт. Дипломдорумду бекитип коюп, чыгармачылыкка жол тарттым.

- Биринчи жолу чоң сахнага чыккан күнүңүздү эстесеңиз? 

- Атама айтпай, Москвага иш сапары менен кеткенде Бек Борбиев “Жалал-Абад түндөрү” менен сынак өткөргөн эле, ошого барып катышып алдым. Ийгиликтүү болду, Гран-Прини жеңип, автоунаа сыйлыкка алдым. Бул мага чоң стимул болду. Ансайын чыгармачылыкка болгон кызыгуум күчөдү. Биринчи жолу чоң сахнага ошондо чыктым. Сахнанын башкача касиети бар, бир өзүнө тартып алса, андан бошонуу кыйын. Мен дагы сахнанын сыйкырына тартылдым. Бек байке менен иштештим. Бирок кийинчерээк турмуш-шартка байланыштуу чыгармачылыкты убактылуу токтотууга туура келди. Балдарымды чоңойтуп алгандан кийин кайра уланттым.

- Чыгармачылыкка аралашып кеткениңизге атаңыз нааразы болбодубу?

- Тескерисинче, өкүнүп калды. “Сени жайыңа эле койсом болмок экен, башка кесиптерге окутпастан, башынан эле музыка жаатында билим алууңа көмөктөшсөм болмок экен”, - деп айтып калат.

 - “Гүлжигит” деген ырды ырдап чыктыңыз. Ал ыр ырчы Гүлжигит Сатыбековго арналганы маалым болду. Бул ырдын маанисин түз түшүнүп алгандар да бар экен...

- Биздин ортобузда чыгармачылыктагы саналааш катарында сый бар. Өнөр дүйнөсүнөн тапкан досум десем да болот. Мамилебиз түз. Бир кездерде дуэт ырдаганбыз, бирок аныбыз “бүтпөс дастанга” айланып кетти. Такыр аягына жеткире албай койдук, клип да тарттык эле, жарым-жартылай тартылган бойдон калды. Бул ырды ырдап чыгаарда Гүлжигит байке менен акылдашкам. Биринчи аталышын башкача кылып өзгөртөлү дедик, бирок ылайыгы келбей койду. Анан ошол бойдон эле ырдап чыгууну чечтим. Бул башка тилден которулган ыр да, сөздөрүн чогуу котордук.

 - Жогоруда атам ырчылардын түйшүгү оор болот деп каршы болгон дедиңиз, эми азыр өзүңүз чыгармачылык чөйрөнүн өкүлүсүз. Кандай деп ойлойсуз, атаңыз айткандай түйшүктүү иш бекен бул?

- Атамдардын убагындагы чыгармачылык чөйрө тарткан кыйынчылык менен азыркы кыйынчылыкты салыштыруу болбойт. Азыр бизге бир топ жеңилдиктер пайда болду. Бирок анткен менен кайсы тармак, кайсы кесиптин болбосун өзүнө таандык түйшүгү да, кубанычы да болот эмеспи. Жеңил иш жок. Жашайм десең жашоонун дөңгөлөгүндө, тандап алган жолуңдун чынжырында айланууга туура келет. Ушунун өзү ырахат да. Түйшүктөн, кыйынчылыктан корксоң, жашаштын кереги эмне? Ар бир күнүмө шүгүр. Эң негизгиси, жандүйнөмдүн каалоосун орундатууга эрким жетти.

 Булак: “Майдан. kg” гезити