Кыргызстандын коррупция, абанын булгануусу сыяктуу мактана албай турган маселелерде дүйнөдө алдыңкы орунда келатканына көнүп деле бүттүк окшойт. Transparency International Эл аралык уюму коррупцияны кабыл алуу Индекси боюнча кезектеги рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча Африка өлкөлөрү менен теңелди. Тагыраак айтканда, 2021-жылга карата Кыргызстан мүмкүн болгон 100 баллдын 27син алып, 183 мамлекеттин ичинде 148-орунду ээлеп, Уганда жана Камерун өлкөлөрү менен бирдей болдук. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Өзбекстан көрсөткүчүн бир аз жакшыртса, Молдованын, Казакстандын абалы начарлаган. Грузиянын көрсөткүчү жакшы болсо, Тажикстан өткөн жылдагыдан өзгөрүү болгон эмес. Коррупциянын деңгээлинин төмөндүгү боюнча эң алдыңкы өлкөлөр деп Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия табылган. Андан кийинки орундарды Норвегия, Сингапур, Швеция, Швейцария ээлеген.
Булак: “Майдан. kg” гезити