Журналист Бактыгүл Чыныбаева Сабырбек Жумабаевдин Травмотология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунун жетекчилигинен кетиши боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:
- Жаңы эле 4- шаардык ооруканасындагы илимпоз агай менен сүйлөштүм. Атын атабай эле койоюн, мыкты дарыгерлер көп ал жакта. Алар азыр Жумабековдун иштен кеткенине эмес, илимий борбордун жабылып, оорукана болгонуна каршы чыгып жатышыптыр. Жумабеков кетсе деле илим улана бермек дешти, эгер борбор борбор бойдон калса... Ушундан улам мен журналисттик ишмердигимде бир кемчиликти таптым. Эмнеге буга чейин алардын изилдеген илимине биз көңүл бурган эмеспиз?
Эмнени изилдешти экен деп Google Scholars деген дүйнөлүк китепканага кирдим. Кирип Жумабековдун атын англисче жазсам эч нерсе чыккан жок, кечирип койгула. Орусча жазсам калемдеш болуп жазган көп макалалары чыкты, анда сөз жок. Google Scholars эл аралык деңгээлде таанылган академик, илимпоздордун профилине эгер чындап илимий мыкты ачылыш жасаса калемдин белгисин коюп, ардактап атын сонун кылып англисче жазат. Кыргызстандан Талантбек Батыралиевдики эле ошондой жазылыптыр. Эми Гугл Сколарсты эч ким алдай албайт... Бул бир жагы. Анан оюма кетти, Батыралиев Гугл Сколарстын бул ардактуу калемин 30 жыл бир борборду басып отуруп алды беле, же өзүн өнүктүрүү жолу менен алды беле дегенчи...
Ооба, борбордун быт-чытын чыгарып, илимди токтотуу туура эмес. Эгер аны ооруканага айлантышса анда илим жактагандарга министрлик өзүнчө шарт түзүп бериши керек. Балким Медакадемиянын алдында бир клиника ачылабы, борборлошкон же дагы башка... Айтор илимпоздор орто жолдо калбай, азыр заманбап талап болгон англис тилинде макала чыгарып, кылган ишин жашырбай коомчулукка, бизге айтып турушсунчу... Ушинтип чакан фактчек кылып көрдүм. Дарыгерлерибиз таарынбасын, бирок тил үйрөнүп, дүйнө деңгээлине чыгышсын. Болгону бир эле дарыгерибиздин дүйнө аренасында таанылган академик калеми бар экен...