Өткөн жумада, 27-январь күнү кечки саат 18дерден өткөндө Тажикстандын армиясы дагы бир ирет чек ара чатагын шылтоолошуп, Кыргызстанга куралдуу агрессия жасашты. Андан 12 кыргыз жараны ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Бактыга жараша бул ирет адам өлүмү катталган жок. Жарадар болгондордун көпчүлүгү тажик аскерлеринин миномет жана гранатомёт менен аткылоосунан жабыркашкан.
Мындан тышкары алар алты айылды электр энергиясы менен камсыз кылган көмөкчордонду аткылап, иштен чыгарышкан жана чек арадагы үйлөрдү, машиналарды өрттөшүп, талап-тоноп, бодо малдарды уурдап кетишкен. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин алдын ала билдиришинче, чек арадагы соңку атышуунун материалдык чыгымы алдын ала үч миллион сом деп эсептелди.
Жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки машине талкаланган. Бодо мал уурдалган, өрттөнүп кеткен фактылар катталган. Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаров материалдык чыгым тарткан баткендиктердин мүлкү мамлекет тарабынан төлөнүп берилерин убада кылууда.
31-январда жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтышып, мектептерде окуу башталды. Бирок дале болсо тажиктер менен чектеш айылдардын айрым жашоочулары кооптонуп, үйлөрүнө барыша элек. Балалуу келиндер, аялдар коңшу айылдардагы тууган-туушканынын үйлөрүндө баш калкалап жатат. Эвакуациялангандардын арасында ооруп, бейтапканаларга жеткирилгендер да бар.
Чек ара жаңжалы катталган күнү эле Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Өз кезегинде Тажикстандын мамлекеттик маалымат агенттиктери да адатынча информациялык агрессия жасап, бул ирет да Кыргызстан тарапты айыптаган билдирүү таратып, жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жай тургун экенин жазышты. Бирок булардын мындай мамлекеттик деңгээлдеги маалыматтык диверсиясына ишенүү кыйын. Анткени кыргыз тарап оор курал-жарак эмес, тапанча менен да аткан эмес.
Булак: “Майдан. kg” гезити