Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Олимпиада отунун эстафетасы бейшемби күнү Улуу дубалдын үстүндө башталган. Отту Гонконгдук актер Жеки Чан жана кытайлык Олимпиаданын медалисттери үч күнгө кыскарган маршрут боюнча кезектешип алып жүрүштү.

Кино жаатында жаштардын кызыгуусун спортко бурган 67 жаштагы Чан бул анын төртүнчү жолку отту алып жүргөнүн баса белгиледи.

“Мен таңкы саат төрттө ойгондум. Бул менин төртүнчү Олимпиадам. Мен абдан бактылуумун. Мен да үшүп кеттим!”, – деп дубалды бойлоп чуркап чыкканда журналистерге билдирүү кылган.

Бейшембиде кийинчерээк факел олимпиадалык оюндарджын көбү орун алган коңшулаш Хэбэй провинциясындагы Чжанцзякоу шаарына жеткирилет. Эстафета жума күнкү ачылыш аземинде Олимпиада казанын жандыруу менен аяктайт.

Булак: argument.kg