Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев Жогорку соттун төрагалык кызматына бараткан Замирбек Базарбековго суроо берди. 

"Сиздин тажрыйбаңыз абдан бай экен. Сот системасындагы дээрлик бардык баскычтарды басып өтүптүрсүз. Айтыңызчы, учурда абдан зарыл болуп турган сот реформасына көз карашыңыз кандай жана кантип реформа жасайм деген оюңуз бар?" - деди Шакиев. 

Замирбек Базарбеков бул өтө оор суроо экенин, бул маселе мамлекеттик деңгээлде да чечилүүсү кыйындап атканын белгиледи. 

"Мыйзамдын диктатурасы орнобосо болбойт. Экинчиден, саясий оппозиция мүчөлөрүнө, ММК өкүлдөрүн, бийликке сын айткан деги эле карапайым жарандарга сот процессин тез арада токтотуу керек деп ойлойм. Сот бийлигин саясий топтордун куралына айлантпаш керек. Соттордун эмгек акыларын көтөрүү менен алардын жоопкерчилигин да тез арада күчөтүү зарыл. Себеби, материалдык-техникалык жактан толук камсыз болгондон кийин да соттор акыйкатсыздыкка барса бул кечирилгис иш. Сотторду ротациялоо тууралуу да пикирим бар, биз муну карайлы деп жатабыз. Себеби, кээ бир аймактарда өзүнүн туулган жеринде бир нече жылдан сот болуп тургандар бар экен. Анан сотторду тандоо тартибин да өзгөртүп, кокус адамдардын сот тармагына келип калышына бөгөт коюшубуз керек. Анан дагы соттор көбүнө соттук эмес, укук коргоочулук милдетти аткарып жатышат деген пикирлер бар. Муну президентибиз да айткан. Аны токтотушубуз керек. Күнөөсүз адамдар соттолсо, анын күнөөсүздүгү аныкталса аларга ошол акыйкатсыз соттогон соттон моралдык чыгым өндүрүп берүү жагын да карайбыз", - деди Базарбеков. 

Бирок жоопко Нурлан Шакиев канааттанган жок. Ал "элдин сотторго болгон ишенимин Жогорку соттун жаңы төрагасы кантип кайтараарын" сурады. 

"Ак үй, көк үйдөн телефон чалуулар, тууган-тушкан деген нерсе болбошу керек. Эл соттун чындыгына, адилеттүүлүгүнө ишениши керек. Эл сотко чуркап, сотко арыздана тургандай болушу керек", - деди. 

"Соттордун көз карандысыздыгы сөзсүз болушу керек. Элдин ишеними, өлкөнүн өнүгүүсү да ушуга байланыштуу. Бардык бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары өз алдынча болуп, кийлигишүү болбосо көз карандысыздык пайда болот. Буга сиздердин да жардамыңыздар керек, өзүбүз да аракет кылышыбыз керек", - деди Базарбеков.