Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүүнүн жолун сунуштады. 

"Бир кишиден "Балдарыңдын арасынан кимисин көбүрөөк жакшы көрөсүң?" - деп суроо беришиптир. Ал: "Үйдөн алыс жүргөнү үйгө кайтып келгиче, кичүүсүн чоңойгуча, ооруп калганы айыккыча көбүрөөк жакшы көрөм", - деп жооп бериптир. Кыргызстандагы ар бир район, айыл биздин жоопкерчилигибизде, биз баарына бирдей мамиле кылышыбыз керек. Бирок азыр Баткен облусунда татаал кырдал орун алды. Аскерлерибизге жана аймактын тургундарына рахмат. Ишкерлерге шарттарды түзүшүбүз керек. Облусту көтөргүсү келгендер, цех же фабрика курам дегендер беш жылга салыктан бошотулушу керек", - деди Кадырбеков. 

 Ал белгилегендей, ушул жылы Министрлер Кабинети айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 миллиард сом которууну ниеттенүүдө. Депутат бул каражаттарды жеке адамдардын колуна бербөөнү сунуштады. 

"Андай болсо, ал акчаны таппай калабыз. Каражатты Баткенге суу чыгаруу жана жолдорду курууга багыттоону сунуштайм. Ошондой эле, комитеттер Баткенге көчмө жыйындарды өткөрүшү керек", - деген депутат фонд түзүп, ага депутаттардын айлыгын Баткенди көтөрүү үчүн которуу керектигин айтты.