Печать
Категория: Коом
Просмотров: 75

5-февралда Жогорку Кеңештеги «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткен облусунда биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Анда Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзамдынын аткарылышы тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин маалыматы угулат.

Жыйынга Финансы, Экономика жана коммерция, Өзгөчө кырдаалдар, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция, Транcпорт жана коммуникациялар, Коргоо министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышат.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын апрелинде болуп өткөн кол салуунун кесепеттерин жоюу боюнча маалымат угулат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өкүлү Тажикстан  менен чектеш аймактардагы кырдаал тууралуу да маалымат берет.

Булак: maralfm.kg