Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети бүгүн Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын арызын карады.
Эске салсак, Нүргүл Бакирова өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү чечкен, анын арызын Жогорку Кеңештин тармактык комитетине Судьялар кеңеши сунуштаган.
Аталган комитет арызды кабыл алды.
Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп үч жылдан ашуун убакыт иштеди.