Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өз арызы менен ээлеген кызматынан кеткенден кийин анын ордуна ким бараары божомолдоно баштады. Айрым маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку соттун төрагасына айланышы мүмкүн. Ошондой эле, Жогорку соттун судьясы Замирбек Базарбаев да бул кызматка барчулардын катарында экени маалым болду.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан 5 жылга дайындалат.
Бул нормага таянсак, Талант Мамытов Жогорку соттун төрагалыгына бара албайт.