Кыргыз-тажик чек ара чыры 30 жылдан бери келатканы белгилүү. Бул арада Кыргызстандын бийлиги бир нече ирет алмашты, бирок бири дагы чек ара маселесин чечип, кандай жол менен болбосун чек ара аймагында жашаган элдин тынчтыгын камсыздап берүүгө чечкиндүү аракеттерди көрүшкөн жок. Акыркы бир жылда гана муз ордунан козголуп, кыргыз-тажик тараптын тийиштүү кызматтарынын башчылары байма бай жолугушууларды өткөрүп, адам канына забын болгон жаңжалдарды түп ордунан токтотуу багытында катуу иштеп башташты. Кыргыз бийлиги элдин амандыгын, тынчтыгын башкы орунга коюп жатканы талашсыз. Аны менен катар мамлекеттин жеринин бир тилкесин дагы бөтөндөргө бербей турганын жарыялашкан. Ушундай маанилүү иш чаралар көрүлүп баштаган чакта буга чейин чек ара чырларында башын коңулга катып жаткандардан үн чыга баштады. Анын бири - Султанбай Айжигитов. Баткен облусунун мурдагы губернатору. Чырдуу аймакты башкарган жылдары чек араны чечүүгө кандайдыр бир салымын кошкон болсо, куру дегенде жигердүү аракетин көрсөткөндө тарыхка жазылып калмак. А азыр бул кишинин губернатор болгон кезде жасаган иштерин казып аңтарсаң, көзгө илинерлик эч нерсе чыкпайт. Анткен менен абдан "акылдуу" экен, түштөн кийин бийликтин чечкиндүү аракеттерин сындап, элге туура эмес маалымат берүүдөн качкан жок. Ушул акылын, тажрыйбасын, билимин, баатырдыгын эмнеге губернатор болуп турган чакта колдонгон эмес деген ой пайда болот. Колдоно албагандан соң акылын бекер тарткатпай, тынч отурса жакшы болмок.