Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

Финансы министрлиги 2021-жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты сайтына жайгаштырды. 

Жогорку Сот 31-январда маалымат таратып, Кыргызстандагы соттордун айлыгы 160 миң сомго чейин көбөйгөнүн төгүндөдү.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, соттордун айлыгы инстанцияларга жараша 40 миң сомдон 51 миң сомго чейин жетет. Андан тышкары эмгек акысына байланыштуу — иш стажы, квалификациялык класс, класстык ченге жараша ар кандай үстөк акылар каралган.

«Бүгүнкү күндө соттордун айлык акысы Финансы министрлиги көрсөткөн суммадан аз. Аны ачык булактардан көрүүгө болот. Жогорку Сот быйыл министрлик сот системасынын бардык кызматкерлерине айлыгын жогорулатат деген ишенимде», — деп айтылат маалыматта.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, аскер кызматкерлеринин айлыгы орто эсеп менен 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин жогорулады;

-медицина кызматкерлериники орто эсеп менен 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин;

-маданият кызматкерлеринин айлыгы 7-8 миң сомдон 12 миң сомго чейин көтөрүлгөн.

Булак: Маралфм