- Эмнеге батыштын каражатына туйтунгандар мамлекетке каршы иш кылат деген ой үстөмдүк кыла баштады? Кыргызстандын жарандары кантип Кыргызстанга жамандык кааламак эле?
- Мен ошентип ойлогум келет. Бирок Батыш жөн эле акчаны кармата бербейт. Алар өлкөдө олку-солкуну өздөрү каржылаган НПОлор менен маалымат каражаттарынын жардамы менен жасагысы келет. Жакындан бери дал ошондой ыплас иштердин жыты байкалып жатат Кыргызстанда.
Батыштын максаты Орусияны колдогон мамлекеттерге бүлүк салуу, Украина окшотуп граждандык согуш кылуу, мүмкүнчүлүк болуп калса эле Американын базасын Орто Азияга жайгаштыруу.
Орусияны бүлүндүрүш үчүн Америка эч акча аябайт. Али, Болот, "Азаттык", деги эле батышчылдар арам акчага үйрөнүп калышкан. Батышчылдарды катуу тыйган мыйзам керек. Али, Болотторду камаш керек. Ал үчүн себеп толуп жатат. "Азаттыкты" жаап, өлкөдөн чыгарып салуу керек.
- Соцтармакта дагы ушундай ойлор айтылып жатат. Бирок мындай пикирлер элди дүрбөтүп, стабилдүүлүккө шек келтирип коюшу мүмкүн да...
- Бир-экөөнү жакшылап жазага тартып койсо, калгандары тынчыйт. Тартип керек да. Тартип болбосо, тынч жашоо жок. Булар Кыргызстанды чайкап, демократия дегенге жамынып алып, арам ойлорун ишке ашырышат. Ошон үчүн тизгиндерин тартыш керек.
Аэлита Сатындиева