УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен жергесине барды. Ал кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.
"Кечээги окуялардан кийин штаб түзүлгөн. Анда бардык мекемелердин, айрыкча күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бар. Дагы жарым сааттан кийин, саат 11де тажик тарап менен жолугабыз. Ошондо маселе чечилет.
Абал түнү менен президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Азыр да биз менен түз байланышта болуп, иш аракеттерди көзөмөлдөп жатат. Тилекке жараша, бүгүнкү күндө жарандардын жана аскерлердин арасында жоготуулар жок. Жеңил жаракат менен 11 аскер кызматкери ооруканага түшкөн, учурда дарыланып жатышат. Ал эми үйлөрүнөн көчүрүлүп келген адамдарга ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан керектүү шарттар камсыздалды. Бул боюнча президенттин көрсөтмөсү менен комиссия түзүлгөн, эми ошол комиссия текшерип чыгат.
Азыр абал салыштырмалуу турукташты десек болот. Мындан ары кандай аракеттерге баруу керектигин бардык күч структураларынын өкүлдөрү жана жеке курам менен биргеликте чечебиз. Абал толук бойдон көзөмөлдө", - деди Камчыбек Ташиев.