Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесине жакын чек арага чектеш Үч-Дөбө, Орто-Боз, Ак- Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айылдарынын тургундарын эвакуациялоо башталганы белгилүү болду. Алар Рават айылына жеткирилген.

Рават айылынын башчысы Бакыт Турдуев учурда аталган айылдардан 7-8 үй-бүлө Рават айылына алып келингенин билдирди.

Эске салсак, бүгүн маат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы айтылган.