Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Бишкек шаарынын тегерегин коргондой курчаган 47 жаңы конуштар мындан 31 жыл мурда курула баштаган болсо, алардын көпчүлүгү мыйзамдаштырылып, үй ээлерине кызыл китебин мындай кой, техникалык паспорттору да бериле элек. Натыйжада ошол учурда төрөлгөн наристелер бүгүнкү күндө эр азамат болушуп, үй-бүлө күтүп, балалуу болуп калышса да, өздөрү паспорт алып, каттоосу жок жүрүшөт.

Жаңы кыргыздардын 30 жылдан ашык айтып келаткан арманы Кудайга жеткен менен Ак үйгө жетпей келет. Ал эми өткөн жылы декабрда президент С. Жапаров айрым конуштардын тургундары менен жолугушканда конуштарды мыйзамдаштыруу ишин убада кылган болчу.

Андыктан былтыр декабрдан тарта жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштун жашоочуларына 25-январга карата 999 техникалык паспорт берилгендигин мэрияга караштуу "Кадастр" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Жер-Ынтымак конушунан 1 070 билдирүү түшүп, 1 012 техникалык паспорт даярдалган. Мындан сырткары, 10 арызды кабыл алуудан баш тартышкан.

Ошондой эле Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан тарта 1 384 билдирүү түшкөн. Быйыл 11-январдан бери Дордой-2 конушунун жашоочуларынан 419 арыз келип, иш жүрүп жатканы айтылды. Мындан тышкары, 17-январдан тарта Ак-Тилек конушунан 186, Ак-Босого конушунан 127 арыз түшкөн.

7-декабрдан бери жаңы конуштардагы жер тилкелеринин документтерин мыйзамга шайкеш келтирүү максатында мобилдик топтор иштей баштаган. Көчмө топтор техникалык паспортторду даярдоого жардам берет. Ал үчүн өзү билемдик менен турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүшөт. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоо кызматына түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз бере алат.

Техникалык паспортту даярдоо жерди мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.