Печать
Категория: Коом
Просмотров: 319

Ырынан чыры көп демекчи, качан болбосун коомчулукту уккулуктуу ырлары же таланты менен эмес, эркектердин эсин оодарган сулуу келбети, айдай жүзү жана  ар кандай кылык-жоруктары менен таң калтырып, ошонун арты менен “популярдуу” болуп келген Анжелика Кайратовна аттуу эрке кызыбыз бул ирет да шумдуктуу окуянын үстүнөн чыкты.

Эгер эсиңиздерде болсо, өткөн жылы ушул маалда Анжелика Түп районунун аймагында кымбат баалуу жолтандабасы менен баратыппы же келатыппы авария болуп, ичиндеги кыздары жана өзү ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө бакты сүзгөн машина консервага айлангандыгын көргөнбүз. Кийин өзү рулда өзү эмес, курбу кызы болгондугун айткан. Ал эми инспекторлор машина өтө каттуу ылдамдыкта жүрүп бараткандыктан, чукул бурулушта оодарылып кеткендигин билдиришкен. Кудай жалгап, кийин өзү да, кыздары да жакшы болушуп, ал тургай бир ирет Кыргызстанда эч кимде жок, баасы 130 миң долларлык  жомоктогудай шарты бар ЖИП машинасын көрсөтүп, баарыбыздын көзүбүздү күйгүзгөн болчу.

Өткөн жумада Анжеликанын коштоосундагы адамдар Бишкек - Каракол жолундагы үч бакты кыйып салышты. Аны жөн эле койбой, социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасына сүрөттөрүн жарыялап жиберди. Бирок табиятка келтирилген зыян жана башка ар кандай сын пикирлерден кийин кайра ошол сүрөттөрдү алып салды.

Ага карабай сыягы, коомчулуктун каттуу көңүл бургандыгынан болсо керек, райондук ички иштер бөлүмү Анжеликаны “сүзгөн” бактар боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү экологиялык кызматтар жана жергиликтүү бийлик уруксат бербегендигин билдиришти. Андыктан ага эми кандай чара көрүлөрүн же айып салынарын күтө туралы.