Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

Баткен облусундагы чек арага чектеш өзгөчө макам алган 62 айылдын тизмеси өкмөттүн 2020-жылдын 26-июнундагы токтомунун негизинде бекитилген.

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Камила Талиеванын айтымында, бул тизмеге Тажикстан менен чектеш жайгашкан, көйгөйлүү болгон Лейлек районундагы көп айыл кирбей калган.

«Облустагы бир районго 26, бир районго 27 айыл кириптир. Эң четте жайгашкан Лейлек районунан 14 эле айыл кириптир, анын да эл жыш жашаганы 10 эле айыл. Мисалы, Майты, Айкөл деген участоктордо суу да, жол да жок, какыраган талаа. Мындан тышкары, Сада жана Денөө айылдары бар, алар да элдин саны аз, чакан айылдар. Ушуларды кошуп туруп, 14 айыл деп тизмеге киргизип жатышат. Чек арага байланыштуу Тажикстан менен өтө көп жаңжал чыккан, эл жыш жашаган Кулунду, Ак-Суу, Бешкент, Булак-Башы, Маргун жана башка айылдар кирбей калган. Тажикстан менен чектешкен айылдарда маселе өтө курч турат. Жеңилдиктер бардык айылдарга бирбей каралышы керек. Эртең эл митингге чыкпайт деп кепилдик бере албайбыз. Бул тескеме эл, жергиликтүү бийлик менен макулдашай туруп түзүлгөн, туура эмес мамиле кылып, элди экиге бөлүп жатасыңар, Министрлер кабинетине көө жабылып, ызы-чуу болбосун», — деди Камила Талиева.

Мындан тышкары, Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияны 2000 сомго жогорулатуу, жөлөк пулдарды эки эсе көбөйтүү, тизмеге кирген 62 айылдагы үй-бүлөлөргө электроэнергияны 50% жеңилдик менен берүү, дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлөрү айтылган.

Ошондой эле Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияга, тоо-кен тармагына 10 млн доллар инвестицияга мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Бир мандаттуу округдан шайланган депутат Чынгыз Ажибаев Лейлек районунда ата-энеси пенсия алган балдарга жөлөк пул берилбей жатканын айтты.

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктунда мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт деп жазылып турат. Бирок бул жөнүндө Министрлер кабинети бир да сөз кылган жок. Мындан сырткары, Лейлектин эли пенсия, жөлөк пулдун эсебинен жашап келет. Азыр сиздер элди экиге бөлүп жатасыздар. Пенсия алып жаткан ата-энелерибиз менен балдардын жөлөк пулунун кандай байланышы бар? Балдарга жөлөк пул берилбей жатат. «Сенин чоң энең пенсия алат экен, сага пособие жок» деп жатышат. Бул маселени карап көргүлө», — деди депутат Чыңгыз Ажибаев.

«Ишеним» фракциясынан депутат Миргүл Темирбаева мамлекет тарабынан берилип жаткан мындай жеңилдиктер үчүн эл ыраазы экенин айтып, бирок жалпы облуска бирдей каралбаганы боюнча кесиптештеринин оюн кубаттады.

 

«Жеңилдиктер бериле турган айылдардын тизмесине Кулунду айыл өкмөтүндөгү Кулунду айылы кирбей калган. Ак-Суу айылы, Исфана шаары кирген эмес. Андан сырткары буга чейин эле облустагы тургундардын балдары жөлөк пул алууда кыйналып келишкен. Эми облуска өзгөчө макам бергенден кийин ар бир балага жөлөк пул берилсин деп талап кылабыз. Жөлөк пул алуу үчүн коюлган критерийлер Баткен облусунан алып салынсын. Апалар, келиндер балдарына жөлөк пул да ала албаган үчүн миграцияга туш болуп жатышат. Муну менен катар, пенсия 2 миң сомго көтөрүлөт экен. Бул жакшы. Бирок облуста эки миң сомго эмес, эки эсе көбөйсүн деген сунушту айтат элек», — деди депутат Миргүл Темирбаева.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү өкмөттүн тескемесин кайра карап, жеңилдик бериле турган айылдардын тизмесин башынан түзүп чыгууну сунушташты. Себеби чек арага жакын жайгашпаса да, бардык айылдар чек аранын таасири менен жашайт. Облуска өзгөчө статус берилип жаткандан кийин жеңилдиктер бирдей берилиши керектиги айтылууда.

Депутат Ырысбек Атажанов жеңилдиктер бериле турган айылдардын тизмесине Кадамжай районундагы кирбей калган айылдарды айтып берди.

«Баткендин сырткы чек араларынан тышкары, ички чек аралары да бар. Себеби облуста өзбектин эки, тажиктин бир анклавы бар, алар: Кадамжай, Сох, Ворух анклавдары. Анын тегерегиндеги бардык айылдар чектеш жайгашкан. Андан тышкары биздин территория болуп эсептелгени менен иш жүзүндө (де-факто) Өзбекстандын анклавы болуп турган аймактар да көп. Мисалы, Кадамжай районунда Жигит-Пирим деген айыл бар жана Лейлекте да ушундай эки участок бар. Ошондуктан мыйзамга таянып туруп, бардык айылдарга жеңилдиктерди берүү керек», — деди Айжигитов.

«Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-сентябрында кол койгон. Ага ылайык, облус калкына салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Садыр Жапаров 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алып, жогоруда айтылган жеңилдиктерди 2022-жылдын 1-мартынан тарта ишке ашырууну тапшырган.

Баткендеги өзгөчө макамга ээ болгон айылдардын тизмесин төмөнкү шилтемеден окуңуз.

 

Булак: Маралфм