Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Бул туурасындагы маалыматты Жол кайгуул милициясы Reporter.kgге  тастыктады.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-январь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу Daewoo Kalos үлгүсүндөгү авто унаа менен А.Масалиев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып, Ч.Айтматов көчөсүнөн кесилишинен Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2000-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочу жабыркап, 4-ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

 

Эркин экономикалык аймактын жетекчиси Тайчабаров жол кырсыгына кабылды Булак: reporter.kg