Бир жолу ак сакалы жайкалган карыя менен сапарлаш болуп калдым. Жол боюу алым- сабак кеп козгоп, аңгемелешип бардык. Турмуштан кѳптү кѳргѳн, башынан ысык-суук ар түркүн окуяларды ѳткѳргѳн, дүйнѳлүк адабияттан кабары бар окумал да, жазмакер да карыя экен.
Ал бир нерсе айткысы келгендей обдула берип, бир топко унчукпай тунжурай отуруп калды. Бир саамдан кийин гана күрсүнѳ үн катты.
- Бир нерсеге даабай жүрѳм,- деди карыя терең ойго батып. - Турмуштан байкагандарымды, ойлорумду кыскача жаза жүрдүм эле, жарыялап койгонго чыгынбай келем. Сааты чыкпады.
Ал ийнине арта салынган куржунунан бир тутам кол жазмаларын сууруп чыкты. (Кыйма -чийме жазуулар түшкѳн барактар саргыч тартып эскире түшүптүр). Ылайыгы келсе жарыялап коерсуң деп ѳтүндү карыя, сага аманат болсун.
Окуп кѳрсѳм турмуштун чар тарабынан ар кандай мезгилде, ар кандай кырдаалда кагазга түшүрүлгѳн кыска-нуска жазуулар экен. Анда эмесе күндѳлүктү чогуу барактайлы окурман. Аманаттын вазыйпасы да зор экен.
ххх
Мээ кѳзѳгѳн ойду сууруп чыгып кагазга түшүрүүнүн машакаты эбегейсиз. Бул ѳзү кажыбаган талыкпас мээнетти да, күчтүү эркти да талап кылган түйшүгү кѳп зор ѳнѳр экен.
ххх
Бир карасам ойлорум кѳккѳ шаңшып чабыттап кетип жатканы, бир карасам тереңге кетип жатканы. Алар болор ишти күн мурун боолгоп, алдын ала сезип мага акыйкатын айтып турушат. Мен аларга ишенем. Ойлор мени ааламга чыгарып, бийиктикке кѳтѳрүп, ѳйдѳдѳ ѳбѳк, ылдыйда жѳлѳгүм катары, турмуштун ысык-суугунда ысык шыбыры менен дем берип, күч кубат дымагымды арттырып, качан болбосун күндүр-түндүр чогуу жүрүп жалгыздыгыма ар дайым шерик болуп турганы үчүн бактылуумун.
ххх
Адам баласы ѳмүр кѳз ирмемдей зыпылдап ѳтүп кетерин күн сайын эстеп турса кана (Түбѳлүккѳ келгенсип кенебей бейгам жүрүшѳт да). Күндѳ болбосо да күн ара эске алып турчу эң аздек, эң кымбат, эң бир ыйык нерсе го бул ѳзү. Ага пенде болбойт экен. Күндѳлүк бүтпѳгѳн тирилигине бүткѳн боюу менен кирип алып, андан башын тарта албай алпурушуп, ириминен чыга албай илкип-калкып, бир нерсеге жетейин деп далбас уруп ашыгып, “турмуш деген ушу тура” деп жүрѳ берет тура бечара. Кудум эле бул ѳмүргѳ биротоло түбѳлүккѳ орун -очок алып келгендей сезилсе керек да пендеге. Андан бир күнү кайып кетери капарына да кирбейт окшойт.
ххх
Качан бир адамдык кутубузду сүйүнтүп, пенделик кадырыбызды билип турар экенбиз. Качан бир ачыкка чыгып бири бирибиздин кѳѳнүбүздү кѳтѳрүп жакшылык кылганга кол сунабыз. Бири бирине жоо болуп аңдышып жүрүп ѳмүрдѳн ѳткѳн пенделердин турмушунан сабак алсакчы. Ѳмүрдѳн жакшылык эле калат экен. Сакталып калганы да жакшылык. Ушул утурумдук мѳѳнѳттѳ ѳз ара кадырлашып, бири бирибизди боорго тартып, чын ыклстан жардам кылып, ыраазылык билдирип, каниет кылып, шүгүрчүлүк келтирип жашаганга, дегиси эле адамдык касиеттин ажарын ачып, пенделик ѳз ара келишпес осол-одоно жосунсуз жоруктардан бийик туруп, жакшылык арттырып жашаганга качан үйрѳнѳр экенбиз.
Ххх
Качанга чейин пенделик опосуз жорук-жосундардын чемгеринен чыга албай, кѳрѳ албастык менен ич тардыктын чеңгелинен бошоно албай, кургуйга кулап баратса кол сунуп тартып алганга жарабай, ѳңдү кѳрдү жүз тайды дегендей сыпаа жылмайган болуп жүрѳ беребиз. Качанга чейин колунан келип турган пенде ѳѳдѳсүнүп ѳкүмзордук кылып басмырлап, алдуусу алсызын баса калып кордой берет. Качанга чейин бири бирибизди жек кѳрүп, ѳзүбүзгѳ жакпаса эле, ыгына кѳнүп ийилип турбаса эле тепкилеп, ак жерин кара кылып жаман кѳрсѳтүп кадырына шек келтирип, боз ала кылып, сѳѳк ѳчтү душманды таап алгандан бетер беймаза кылып, ар тарабынан тымызын ыдык кѳрсѳтүп, басмырлай беребиз. Мындай бейопаалыктын чеги болуш керек да. Анткеним, ѳмүр деген чектелүү, ѳкчѳлүү болот. Бир күнү жалп этип ѳчүп калат. Бир бирибизге жамандык кылбаганыбыз эле жетишпей жаткансып.
ххх
Адам башынан не деген окуялар ѳтпѳйт.Үрѳйдү учуруп, дене бойду титиреткени бар. Маанайды кѳтѳрүп, жарп жазганы бар.
Ар кандай кыйынчылыктан кейип кепчибей сабыр кылып, акырындык менен ѳтүш керек. Ал калтылдап турган эски кѳпүрѳгѳ, эскилиги жетип дѳңгѳлѳгү шалдыраган арабага, үзүлѳйүн деп турган арканга окшош болот.
Кыйынчылык - бул чоң сыноо, ошондуктан абайлаш керек. Чыдай албай ызага алдырып бирѳѳгѳ тил тийгизип, кер-мур айтышып, жаңжал салып жиберсеңер араң турган турмуш “күп” деп урап кетиши мүмкүн. Андан баары күм-жам болбосо да бирѳѳ жарым запкы тартып, азап чегип калышы ыктымал. Андан да коркунучтуусу бирѳѳлѳрдү таппай калабыз. Бул эртедир кечтир ар кимдин башында турган мүшкүл. Болгону аны тездетпей сактанып, бири бириңерди аяганга, бириңерди бириңер коргогонго үйрѳнгѳнүңѳр жакшы болот.
ххх
Адамдарга жашоо маданиятын үйрѳтүү керек. Бул деген материалдык жактан толук камсыз болуу, илим-билимдүү, интеллектуал болу деген эле кеп эмес. Бири бирибизге адамдык мээрим тѳгүп, урмат, ызаат кылып жакшылык арттырып, кадырлашып жашоо керек деген ойду, адам ѳмүрүнүн эң бийик мүдѳѳсүн туюнтуп турарын эстен чыгарбасак.
ххх
Эгемен болдук калкым деп жетине албай сүйүндүк. Бийликке келген тѳбѳлдѳр эл ырысын эңшерип, мамлекет мүлкүн аябай таламай кылып аларын билбептирбиз. Эл менен эсептешпей тымызын жер сатарын билбептирбиз. Каяша кылган элине ок атарын билбептирбиз. Караѳзгѳйлѳр чамгарактап кутурарын билбептирбиз.
ххх
Араанын ачкан оп тартмай качан токтойт аа. Сугунмай качан токтойт аа. Жемкорлук деген ашынып кутуруп кетти кантебиз. Ажыдаарлар сойлоктоп жутпаган эми не калды.
Ажыдаарлар эмне кылып жатышат? Жер сатпайлы, кендерибизди урпактарыбызга сактайлы. Деги булар эмне болуп баратышат. Ѳз элине кастарын тигип, келечек урпактарыбыздын убалына калып, шорун кайнатышпаса болду. Кудай сактасын.
ххх
Мансап дегениң пенденин ой-боюна койбой эпкиндетип, ѳрѳпкүтүп коет. Ошондуктан, мандат алган пенденин кѳбү ѳзүн ѳкүмдар сезип кѳзү тумандап кѳпчүлүктү тоготпой чакчаңдап калат. Мансапкорлук иримине тартылып анын уусуна чыланып калган пенденин ашкере ѳкүмзордук менен заарын чачып ѳз элине кѳрсѳткѳн кордугу менен залимдигине кудайдын да сай-сѳѳгү сыздап, бүткѳн боюу титиреп кетсе керек.
ххх
Абайлагыла, сак болгула. Адамдар коомунан баарын күтсѳ болот. Анда баары бар, жамандыгы да, жакшылыгы да. Жакшылыгынан жамандыктары кѳп. Эзелтен бири бирине жоо чыгып келаткан айыкпас илдети бар пенделердин. Алардын азабы да, шорун кайнатып келаткан кууралы да ушунда. Жер каймактагандан эле ѳз азабын ѳзү чакырган, ѳзүнѳ ѳзү душман чыккан азаптуу кургуйдун ириминен чыга албай какап- чакап, ѳз колдору менен курган тозоктун кордугун кѳрүп, андан биротоло сакайып кете албай, турмуш бороонунда кайыгып, арып-азып келатышат. Андан чыгып кетер мезгил келер бекен?! Жараткандын күткѳнү да ушул эмеспи.
Адамзат жакшылыгын эч ким колдон тартып ала албайт. Турмушту турмуш кылып сактап келатканы да ошол жакшылыгы. Ал эми жамандыгычы. Айтканга дит барбайт, айпай эле коелучу. Айрым бир пенделердин караѳзгѳйлүгүн, карамүртѳздүгүн, жүзүкаралыгын, таш боордугу менен мерестигин кѳрүп туруп тѳбѳ чачың тик турат. Жылмайып туруп эле бирин бири жибек менен мууздап турушат. Котур ташын койнуна катып жанында жүрүп эле бири бирине жамандык кылып турган ырайы суук пенделер кѳбѳйүп кетти. Алардын чыныгы түрүн сүрѳттѳѳнүн ѳзү аябай коркунучтуу. Желмогуздарынын кейпи башка, ал эми ичтен чыккан ийри жылаандардын азабын кантесиң.
Жырткычтар үйүрүндѳ да мынчалык коркунучтуу эмес. Пенделер бири бирине кастарын тигип кѳрүнѳ да кѳмүскѳ да тиш салып ѳздѳрүн ѳздѳрү аябай набыт кылып, кан тѳгүп акыр кыяматын чакырып кутуруп тургандай жырткычтар бири бирине жамандык кылышпайт. Карышкырлар да бири бирине пенделердей зыян кылышпайт, анчалык коркунучтуу эмес.
ххх
Жаш досум, мурда сен бир максатка жетсем, элге кѳрүнсѳм деп ак эткенден так этип келдиң, Кийин депутат болот элем деп ал муратыңа да жеттиң. Кѳңүлүң оболоп учуп менменсип, ѳктѳм сүйлѳп, дымагың таш жарып эйфорияга алдырып, кыялың менен шаар куруп жүргѳн баштооч кезиң ѳттү. Эми эл үчүн кызмат кылуучу убагың келди. Боорум, эл-журтуң күтүп турат. Калк мүдѳѳсүн орундап, Ата-Журттун үмүтүн актап, ооматын арттырып шаңшып чык! Чабытың бийик болсун.
ххх
Эл кызматында жүрѳм дегени менен керт башынын кызыкчылыгынан жогору кѳтѳрүлѳ албаган карама кѳр, карамүртѳз, караѳзгѳй, кызарган нерсе эле болсо алып жеп жиберсем деп турган күң тамак кээ бир атка минерлердин осол-одоно жоруктары элдин кѳкѳйүнѳ кѳк таштай тийип бүттү.
Ѳздѳрүнѳ сайран дүйнѳ, шапар тепкен жомок турмуш куруп алган, журт азабын дүлѳйдѳй болуп укпай калган, кѳрүп туруп үн катпаган, карама кѳргѳ айланган, таштай муздак, ырайы суук, мерестик ичтейине тоңуп калган таш боор кээ бир чиновниктерден, жылаан түспѳл пенделерден кѳпчүлүк боюн жыйрып, түңүлүп калганына кѳп болду
ххх
Адамдын сырын тартып ѳмүрүнѳ, тагдырына кожоюн болсом деп, каалаган жагына айдап, кѳз кор кылып чүлүктѳп жүргүсү келген митедей пенделер болот. Алар бирѳѳнүн ѳмүрүнѳ кол салып, кастарын тигип, уу-зарын чачып турганын сезгенден кийин сүйрѳлүп жүрѳ бербей тез оолактап кеткиле. Ѳз ыктыярыңар менен кул болуп калуудан сак болгула. Мындай кыянаттыктын укуругун кѳрсѳңѳр кыя чапкыла. Ѳмүр жараткан ѳзү ыроологон эң бир ыйык да, аздек да аманат экендигин унутпагыла. Бул чоң жоопкерчиликти бийик кѳтѳрүп жүргүлѳ.
ххх
Турмуштун ар кандай ѳйдѳ-тѳмѳн жагдайларында кѳѳп кетпес үчүн, же күйүп кетпеши үчүн пенде ѳзүн сырттан карап, жѳнгѳ салып башкарып турганга үйрѳнүшү керек. Бул абдан маанилүү. Эң кыйын учурда да ыңкын курубасын, ындын ѳчпѳсүн, буга ар ким ѳзүн ѳзү тарбиялашы керек. Бул илим гана эмес, эң зор искусство да болуп эсептелет. Адамдын бактысы да, ѳмүр дѳѳлѳтүнүн сакталышы да, келечек ийгиликтери да ушуга байланыштуу болот.
Турмушта ар кандай боло берет. Боло келген. Баарын алдын ала сезип каршы алганга, бардык жагынан даяр турганга үйрѳнгүлѳ жана ага күн сайын камылга кѳргѳндү адат кылып алгыла. Жакшылык күттүрүп келбегендей, жамандык да айттырып келбейт. Турмуш шарданы ар кандай айдыңда ар кандай ѳңүттѳн, ар кандай ыргакта кѳз кѳрүнѳ да, тымызын да күүлдѳй жүрүп турат. Жараткандын амири менен дегендей анын табыгий, эволюциялык жолу менен жѳнү бир башка. Ал эми ар дайым кыялы ойт берип турган пенде атпайлардан ар кандай жамандыктардытарды күтѳ берсе болот. Анын азабын шору каткан кѳпчүлүк адамзат байыртан эле жон териси менен сезип келет. Ар кимге пейилине жараша бүтүмүн чыгарып турган кудай мыйзамы бар экенин туюндум .
Турмуштун жакшылыгы менен катар ар кандай бороон- чапкыны туш тараптан ызылдап ырайымсыздык менен согуп турат. Далайдын чечекейин чеч кылып жаркыткан, далайды аттан оодара тартып боз ала кылган, далайларды мүдүрүлтүп ,мертинтип, далай муундарды күм-жам кылган опосуз дүйнѳ. Турмуш театры ушундай. Ал адам ѳмүрү менен ѳлчѳнүп тургандыгын, анда катышуучу жана кѳрүүчү болу менен гана чектелип калбай, ага таасир этип турмушту ѳзгѳртѳ алар күчкѳ ээ болушу керек. Анте албасаң мезгил шамалында сапырылган ѳмүрдү бейопаа ѳткѳргѳнүң.
ххх
Адамдарды жашоо маданиятына үйрѳтүү керек. Бул деген материалдык жактан толук камсыз болуу, илим- билимдүү, интеллектуал болуу дегенден да бийик турган ѳзгѳчѳ кудуретке ээ кѳрѳңгѳ. Ансыз адам ѳмүрүнүн кунары кетип, кѳздѳгѳн максатына жете албай сыздап турар. Кудайдын кулагын сүйүнткѳн бул кѳрѳңгѳ бири бирибизге адамдык мээрим тѳгүп, урмат ызаат кылып кадырлашып жашаганды үйрѳнѳлү, ѳмүрдүн баркына жетели деген жаркын ойду, асыл мүдѳѳнү туюнтат. Башкасын айтпай туралы.
Меңдибек Асылбеков, Булак: "Майдан. kg" гезити