Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1538

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков оорукананын аталышын шыпаакана кылып өзгөртүү тууралуу сунушун парламент жыйынында жолдогон болчу. Белгилүү кардиохирург Калдарбек Абдраманов аталышты өзгөрткөндү коюп, медицинанын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү керек деп эсептейт.

"Мен  Нуржигитти абдан сыйлайм, чыгаан инсан. Ооба, өтө жакшы  анын ниети. Бирок, масале жакшы ниет деп баарын өзгөртө берсек эле оңолуп кетпейбиз да. Макул, каалагандар шыпаакана, эмкана, демкана, табыпкана ж.б.деп айта беришсин, кимге кандай ыңгайлуу болсо, нааразы жок. Бирок өзүмүн жеке жакшы ниетим эле деп бүтүндөй кыргыз элине, өзгөчө министрликке, врачтарга ушундай нерселерди жогорку трибунадан  айткан (таңуулаган болуп калат) такыр туура эмес. "Догдурлар оюңар кандай, окшошобу?", - деп сурап да койбой. Чындап медиктердин маселесин чечкиси келсе, медицинанын чачтан көп көйгөйлөрүн чечкенге жакшы ниет менен жардам берсин. Больницанын атын, врачтардын  атын, депутаттардын атын, министерствонун атын, шаардын атын өзгөртүү оңой азыр, бирок өлкөнүн өнүгүү жолун, акча табуу жолун,  экономиканы көтөрүүнүн,  медицинаны оңдоонун реалдуу жолун  таап ишке ашырыш кыйын, ошолорду айтып чыгышса жакшы болмок. Мындай "куру демилгелер" биздин коомдук аң сезимди аңгидүк акыбалга түртөт,  медиктерди иштен алаксытат, өнүгүүгө тоскоол болот.

Медиктер өкмөттөн "Жогорку кеңешти Жогорку курултай деп өзгөртөлү, депутаттарды курултайчылар деп чакыралы" деп сурансак кимге жагат, эмне өзгөрөт!?  

Тиги дүйнө бар болсо, кыргыз медицинасынын атасы академик Иса Ахунбаев агайыбыз биздин бүгүнкү жоруктарыбыз жөнүндө кандай ойдо болду экен?!" - деди Абдраманов.