Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Казакстан элинин ассамблеясынын, Коопсуздук кеңешинин жана «Нур Отан» партиясынын төрагалыгы азыркы президент Касым-Жомарт Токаевге өттү.

Анткен менен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Элбашы – Улут лидери бойдон калат.

«Элбашы жөнүндө» мыйзам 2000-жылы кабыл алынган. Ал Элбашына жана анын үй-бүлөсүнө толук кандуу кол тийбестик кепилдигин берет.

Назарбаев жана анын үй-бүлөсү үчүн төмөнкү артыкчылыктар сакталат:

— Элбашыны кармоого, камакка алууга, издөөгө, суракка чакырууга болбойт;

— Элбашынын жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык мүлкүнө, ошондой эле Элбашынын банктык эсептерине кол тийбестик кепилдиги берилет;

— Элбашы жана анын үй-бүлөсү өмүр бою коргоого алынып, Элбашынын өмүрүнө, ден соолугуна мамлекет жоопкер болот;

— Элбашыга президенттин айлыгынын 80%ы өлчөмүндө пенсия чектелген;

— Элбашы менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине ай сайын жөлөк пул чегерилет.

Булак: maralfm.kg