Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Ушундай эле болду. “Карма ууруну карма” деп ууру жүрөт демекчи, Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга айыпталып камакка алынды. Шоруң каткыр, Бажы кызматы таптакыр коррупциядан арылбай койду. Аталган кызмат коррупция деген “балээге” көмүлүп эле калган тура. Бажы системасындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, тамырын кыркуу аракеттеринен эч кандай майнап чыкпай келүүдө. Өткөн жылдын октябрында эле дайындалган Адилет Кубанычбеков да өзүнүн кол алдындагы түзүмдүк жетекчилер  менен биргеликте мыйзамсыз, коррупциялык иш-аракеттерди жүргүзүп, капчыктарын кампайтып келатышкандыгы анык болду.

Тагыраак айта турган болсок, Бажы кызматынын жетекчилигинин амири менен товарларды импорттогон жеке компаниялардын кызыкчылыктары корголуп, алардын пайдасына бажылык документтер одоно мыйзам бузуулар менен толтурулуп келип турган. Андай “кызматтары” үчүн ишкерлерден аз эмес суммадагы акчаларды алып келип турушкан.

Мындан сырткары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгы дегенди бетке кармоо менен бажы кызматтарынын акыларын негизсиз жогорулатышып, ортодогу айырма менен  жеке кызыкчылыктарын канааттандырып келишкен.

Не дейбиз, бул да болсо УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин натыйжасы. Эми Адилет Кубанычбековдун күнөөлөрү далилденип, өлкө бюджетине келтирген зыяндары аныкталып, “жегендери” “кустурулушу” керек. Мыйзам чегинде өз жазасын алышы зарыл. Коррупция менен күрөшүүнүн, ага бөгөт коюунун  андан  башка жолу жок.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити