Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Бул тууралуу Reporter.kg′ге окурмандар билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүнтөн тарта No12, No4, 29, 38- орто мектептеринде 28-январга чейин карантин жарыяланды.

Мэриянын басма сөз кызматы учурда дарыгерлер эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгында так сандар айтылып, борбор калаадагы башка билим берүү мекемелеринин иши боюнча чечим кабыл алынарын билдирди.

Буга чейин Билим берүү министрлиги карантин киргизүү чечими инфекцияны жуктурган учурлар аныкталган учурда кабыл алынарын билдирген.  Ага ылайык, мектепте коронавирус инфекциясынын 1 учуру аныкталса, класс карантинге алынат, 2 же андан көп ооруп калса, мектеп 2 жумага жабылат деп айтылган.

Булак: Reporter.kg′