Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Агенттикке соттон билдиришкендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Д.Т. Зилалиевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу") каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Ал эми 2021-жылдын жайында Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Жогорку сот тарабынан райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Булак: vb.kg