Печать
Категория: Коом
Просмотров: 896

Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек 

- Өмүрзак Жолдош уулу, "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартылып бүтүп графика жумуштары ийгиликтүү жасалып атканынан,  чет өлкөлүк,  дүйнөлүк ири кино компаниялар менен иштешип атканыңыздардан кабардарбыз. Кандай акыркы жаңылыктар менен ой бөлүшмөкчүсүз?

- Кино негизинен тартылып бүтүп, бирок улам жаңы алымча-кошумчалар киргизилип, ийине жеткирилип атат. Компьютердик графика жумуштары бир нече компаниялар тарабынан жасалып бүтүү алдында турат. Ошол эле мезгилде чет өлкөлүк "Нетфликс", "Амазон" сыяктуу дүйнөлүк ири прокаттык кино компаниялар,  интернет платформалар менен кызуу иштешүү жүрүүдө. Буйруса, элдик улуу чыгармабызды ааламга аралатуу аракетиндебиз. 

- Бирок соцсеттерде, массалык маалымат каражаттарында ар кандай ачуу сын пикирлер айтылып, жазылып атат. Алардын башкы дооматтары кайсылар?

- А дегенде манасчылар "улуу чыгарма киного айландырылбашы керек" деп чыгышты. Аларга азыркы бийликтин жана менин оппоненттерим кошулуп, калмактар менен Абыке, Көбөштүн тукумдары кошул-ташыл болуп, ызы-чуу чыгарышты. Тарттырбай коюуга чамалары жетпегенде анан "аз каражат менен улуу чыгарманы бузушат" деп чыгышты. Булар негизинен манасчылар, тарыхчылар, анча-мынча чакан-чукан кино тарткан болушкан киночулар, айрым, коомдук ишмерлер эле. Президент баш болуп алардын өкүлдөрун чакырып жабык көрсөтүү уюштурганда да болуп-болбогон майда деталдарды сындашты. Ал эми кино мыкчыгери Эрнис Абдыжапаров "пьеса экрандаштырылды десең эле иш бүтмөк" деп оюн билдирди. Муну мисал келтиргеним, биздин сынчылар деги эле кино тармагынан алыс адамдар. Буга чейин  "Президент жана бомж-1-2-3", "Москва сүйүүсү", "Миллионердин сүйүүсү", "Төңкөрүш" көркөм фильмдерди бир катар чет өлкөлөрдө тартып жана аларды эл аралык алкакта коюп, дүйнөлүк кино индустриясы менен аздыр-көптүр тааныш биз менен талашка түшкүлөрү келди. Ооба, биз да элдик улуу чыгармабызды жогорку деңгээлде тартууга далалаттанабыз. Алар айткандай миллиондогон доллар каражатты пандемиядан кийинки кризис учурунда биздин экономика көтөрө албайт. Экинчиден, чет өлкөлөрдө киного бөлүнгөн миллиондор кантип жумшалат?

Мисалы, алыска барбай, кошуна Казакстанда сценарист, продюсер, режиссёр, оператор, композитор, башкы каармандарды аткарышкан актёрлор ар бири 150-250 миң доллардан гонарар алышат. Алардын сандаган ассистент, жардамчыларына, техникалык кызматкерлерине башчыларына караганда  жарым сумма дегенде дагы ошончо каражат сарпталат. Эсептеңиз,  2-3 миллион доллар.  Ал эми Россияда мындан 2 эсе, Европа менен Америкада дагы 3-4 эсе каражат кетет кино тарткан группага жана аткаруучуларга. А бизде Европа,  Америка эмес, Россия да эмес, Казакстан төлөгөн каражаттын 10дон эмес, 20дан бирине иштейбиз. 

Үчүнчүдөн,  тарыхый киного чоң каражат кийим-буюмдарга, сандаган адамдарга кетет.  Биз кийим-буюмдардын үчтөн бирин өзүбүз тиктиреп даярдасак, дагы үчтөн бирин "Кыргызфильмден", театрлардан, кинокомпаниялардан, калган бөлүгүн "Казакфильмден" ижарага алдык. Ал эми кылкылдаган кишилер компьютердик графика аркылуу көбөйтүлүүдө. Демек,  кинону, биздин  аракеттерди билбегендердин куру дооматтары.

- Абдан кыска мезгилде тартып сапатын аксатат деп да чоочушту окшойт.

- Былтыр июнь айында баштап, өткөн жылда дээрлик жарым жыл, быйыл дагы 2 ай, баш-аягы 8 айда даярдачудайбыз. 
Дагы бир маанилүү жагдай - биздин бул 1 саат 40 минуталык кино театрлык вариантты көрүшүп дүйнөлүк ири кино компаниялар "Манастын уулу Семетейди" 12-14 сааттык теле сериал кылып тартууну сунушташып, ири каражат караштырышууда. Жабык көрсөтүүдө мамлекеттик катчы Касманбетов айткандай "муз ордунан козголду".