Аларды чек арадан оркестр тосуп алды.
Кыргызстандык аскерлер.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев жоокерлердин кайтып келишине комментарий берди. Ал Алматыдагы ТЭЦ-2ни Кыргызстандан барган аскерлер кайтарганын эске салды. " Анда эч кандай окуя болгон жок", - деди Ташиев.
Эске салсак, ЖККУнун контингенти Казакстанга президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен киргизилген. Кыргызстандан жалпысынан 25-Скорпион атайын багыттагы бригадасынан 150 аскер кызматкери, сегиз бронетехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.
Булак: Kaktus.kg


