Акыркы учурда соцтармактардан фейк аккаунттарды түзүп алып, аны менен жеке мамилеси келишпегендерди каалашынча сындап, жамандамай адатка айланды. Алардын бири - "Айбийке Айбийке" аттуу аккаунт президенттин жардамчысы Эркин Баямановго "чабуул" жасап баштады. Бул аккаунт2021-жылдын 30-мартында түзүлгөн экен. Аталышы айтып тургандай эле, анын үстүндө баракчада бир жактуу, кимдир бирөөнү каралаган посттордун жарыяланышы анын фейк аккаунт экенин аныктайт.
Ушул жылдын 7-январынан тартып "Айбийке Айбийке" Эркин Баямановду жамандоо менен гана алектенип калды. Аны КР президентине жолугам деген үчүнчү тараптан акча алуу менен жолугушууну уюштуруп берээрин белгилеген.
Бул аккаунт 2021-жылы "Мекенчил" жана "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партияларын колдогон постторду жазганын да белгилей кетели. Талдап көргөндө, "Айбийке Айбийке" жарыялаган билдирүүлөрдү дагы үч фейк аккаунт - "Кыргызстан Кыргызстан" (2021-жылдын 15-ноябрында түзүлгөн), "Айбек Чыныбаев" (2022-жылдын 11-январында түзүлгөн) жана "Даканса Даканса" (2021-жылдын 25-июлунда түзүлгөн) активдүү колдоору маалым болгон. "Айбийке Айбийке", "Кыргызстан Кыргызстан", "Даканса Даканса" - бул үчөө бир адамдын колунан жаралган фейктер экени аталышы эле кабарлап тургансыйт. Автордун фантазиясы чектелүү экени өкүнүчтүү...
Үч аккаунт тең ишмердүүлүгүн "Айбийке Айбийкеден" кийин эле баштап, "сүйлөшүп" алышкансып бир беткей Эркин Баямановду каралаган постторду жарыялап жатышат. Бир адамга карата негатив пикирлерди канчалык көп аккаунт жарыяласа, коомдук резонанс жаралаарынан үмүт артышкан сыяктуу.
Ал эми билдирүүлөрдүн активдүү коментатору Атай Коробаев аттуу колдонуучусу болууда. Бул чыныгы аккаунт экени талашсыз. Комментарийлеринин биринде "Эркин Баяманов телефонун да албайт, смс жазсаң жообун да бербейт" деп жазган. Демек, үч фейк аккаунттун таламайында калган Баямановго жеке таарынычы бар адам. Ошондуктан, ага карата негатив билдирүүлөрдүн бирин куру кетирбей, "лайк" басуудан чарчаган жок.
Ошондо, Атай Коробаев ким? Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1973-жылы туулган Коробаев Атай Алымбекович экени такталды. Ал убагында саясий жактан активдүү жарандык позициясын көрсөткөн, 2010-жылдагы ЖК шайлоосуна "Кыргызстан Жашылдар партиясынан" барган, тизмеде №120 орунда турат. Андан тышкары 2016-2017-жылдары президент Садыр Жапаровду активдүү колдогон жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы билдирүүлөрдү жазган.
КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Коробаев көп жыл Россиянын аймагында болуп, Санкт-Петербург шаарында жашаган жана Кыргызстанга өткөн жылдын 6-мартында кайтып келген.
Ал эми кечээ, 12-январда Эркин Баямановго каршы постторду жазган "Даканса Даканса" Санкт-Петербург тууралуу да билдирүү калтырды. Анда "Бардык Мекенчилдерге Питерден чоң салам" деген. Бул постко бир гана "лайк" коюлган, ал - Атай Коробаев.
Азыр кайсы бир адамды жаманатты кылуу, ээлеген кызматынан кетирүүнүн өзгөчө ыкмасы табылды. Ал үчүн соцтармактардан бир нече фейк аккаунттарды түзүп, биринде жазылган постту кийинкиде бөлүшүп же баарына мааниси коендой окшош билдирүүлөрдү калтырып, кайра бири бирине "лайк" басып койсо жетиштүү. Албетте, бул ошол фейктерге таандык ой. Ал эми коомчулуктун сабаты жогорулаган, жасалма аккаунттардын айткан-дегенине шектенүү менен карашат. Жеке таарынычын ушинтип чыгаргандар аман эле болсун.