Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети сайтына жазды.

«Алматы аэропорту ишин кайта баштагандан кийин «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Анталья-Алматы багытындагы алгачкы эл аралык каттамы келди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бүгүн, 13-январда «Эйр Астана» компаниясынын Коломбо-Алматы багытындагы дагы бир учагы келери, Asiana Airlines компаниясынын Алматы-Сеул багытындагы учагы жөнөтүлөрү мерчемделип жатканы айтылды.

Ал эми «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Алматы багытындагы учуулары эртең, 14-январдан тарта кайра жанданарын «РИА Новости» маалымат агенттиги кабарлады.

Алматыга киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу аэропорт таңкы 8:00дөн кечки 21:00гө чейин гана иштейт. Ошол эле учурда терминалдардан жүргүнчүлөр гана өтө алат. Коопсуздук жагдайларына байланыштуу узатуучулар, тосуп алуучулар ичкериге киргизилбейт.

Айта кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

5-январда козголоңчулар «Алматы» аэропортун басып алышкан. Буга байланыштуу анда иштеген кызматкерлер чыгарылып, аэропорт ишин убактылуу токтоткон. Имарат ЖККУ аскерлеринин кайтаруусуна алынган.

Булак: Маралфм