Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1901

«Жарандык Бирлик» ("Гражданский союз") коомдук бирикмеси КР Жогорку Кеңешинин  төрагасы Т. Мамытовго жана фракция башчыларына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда КР Акыйкатчылыгына Турсунбек Акундун талапкерилигин сунушташкан. 

"Омбудсменттик кызматка адам укугун коргоо, адилеттик (юстиция), юриспруденция ишинде такшалган, абройлуу, данакерчил, жогорку билимдүү, ар тарап маалыматтуу, сабаттуу, тажрыйбалуу адис керек экени айдан ачык эмеспи. Турсунбек Акун мырзанын эмгек, коомдук ишмердиги аталган критерийлерге туура келээри көпчүлүгүңүздөргө маалым эмеспи. 

Турсунбек Акун мырзанын адам укугун коргоо ишиндеги өзөктүү ишеними – кредосу, көз карашы негизи студент кезинен калыптанган. К.Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик айыл-чарба институтунда окуган студент кезинде кыргыз студенттерди басмырлап - кордогон шовинист окутуучуга тайманбай бетке айтып, каяша бергени буга күбө. Кийин КДК уюшулганда алгачкылардан болуп КДКнын катарына кирип, жоопчу катчы болуп иштеп, машыгып, алгачкылардан болуп КРда укук коргоо кыймылын уюштурганы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө болуп, эл аралык укук коргоо иштеринен тажрыйба алып, Борбордук  Азия мамлекеттеринин бириккен укук коргоо кыймылында иштегени такшалтып, чоң абройго жеткизди. Чеченстандын борбору Грозный шаарындагы бир көчөгө анын атынын коюлушу буга күбө. Кашкайган чындыкты хандан, бектен айбыкпай туруп ачык айтуу, татаал, чиеленишкен маселелерди сабырдуулук, сабаттуу, акыйкаттык менен чечүү Турсунбек Акун мырзанын инсандык көсөмдүгүнүн чени болуп калды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Т. Мамытов мырза, Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери, Турсунбек Акун мырза Кыргыз Республикасынын Омбудсмени кызматына татыктуу талапкер болот деп жоопкерчилик менен айта алабыз жана Турсунбек Акун мырзанын талапкерлигин колдоп берет деп сиздерге терең ишенебиз.
    
 

Ысык-Көл облустук "Жарандык Бирлик"
 ("Гражданский союз")  коомдук 
бирикмесинин төрагасы К. Жакыпбеков
", - деп жазылган кайрылууда.