Печать
Категория: Коом
Просмотров: 75

ЖККУнун аскерлеринин Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жоомарт Токаев бүгүн, 11-январда Мажилистин жыйынында билдирди. 

Айтымында, ЖККУ аркылуу жөнөтүлгөн чет өлкөлөрдүн аскер кызматкерлерин чыгаруу иштери этабы менен 2 күндөн кийин башталат. Бул иштер 10 күндөн ашпаган убакытта аяктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Казакстанга «Скорпиондун» 150 офицерин жөнөткөн. Андан тышкары 8 бронетранспортер, 11 унаа жиберилгени айтылган.