Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык күнөөлүү деп табылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.
Мындан улам, сот аны 3000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сом айыпка жыкты.
Эске салсак, Жоомарт Оторбаев 16-сентябрда «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Эки күндөн соң, 18-сентябрда УКМКнын абагына камалган. 20-ноябрда сыртка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.
Буга чейин "Кумтөр" ишинин алкагында шектелген экс-депутат Алмазбек Баатырбеков 280 миң, экс-депутат Исхак Пирматов 300 миң сом айыппул төлөгөн.