Бизнес үчүн негизги нерселердин бири башаламандын натыйжасында келтирилген зыяндын суммасын баалоо үчүн комиссия түзүүлөрү айтылды.
Мындай чечим башаламандыктан жабыркаган ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн алкагында кабыл алынды. Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндын так суммасы белгисиз. Чыгымдардын алдын ала көлөмү 102 млн доллардан ашат. Бул тууралуу Улуттук ишкерлер палатасына шилтеме берүү менен «Хабар 24» телеканалы маалымдады.
Ал эми палатанын өкүлдөрү башаламандыкта тоноо жана талкалоо боюнча 300дөн ашык арыз түшкөнүн айтышат. Казакстандын бийлиги башаламандыктан жапа чеккен чакан жана орто бизнестерге сөзсүз түрдө жардам берүүнү убада кылууда.
Кошумчалай кетсек, 2-январда Казакстанда суюлтулган газдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу башаламандык башталган. Бийлик жаңжалды жөнгө салуу үчүн суюлтулган газга болгон бааны төмөндөтүү аракетине карабастан, ал бүткүл республика боюнча башаламандыкка чейин жеткен. Учурда Казакстандын башчысы жардамга чакырган ЖККУнун күчтөрү өлкөдө тартипти орнотууга көмөктөшүүдө.
Булак: Маралфм