Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

6-январдын саат 15:00гө карата убактысына карата Алматыда укук коргоо органдарынын 12 кызматкери каза болгон. Көз жумгандардын экөөсүнүн башы алынган. Бул тууралуу Алматы шаарынын комендатурасынан билдиришкенин казак басылмалары жазып чыгышты.
Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казакстандын бүт аймагында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.


Булак: vb.kg